Депутат төрөт үйүндө электр жарыгы өчүп, төрөлгөн эгиздердин бири чарчап калганын айтты

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Айсулуу Мамашова төрөт үйүндө электр жарыгы өчүп, төрөлгөн эгиздердин бири чарчап калганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-январда Бишкек жылуулук электр борборунда Жогорку Кеңештин отун-энергетика, кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитетинин көчмө жыйынында билдирди.

"№4-төрөт үйүндө эгиздер жарык дүйнөгө келип, электр энергиясы жок болгондуктан аппараттар иштебей эгиздердин бири чарчап калган окуя болду", - деди депутат.

"Улуттук энергетикалык холдингдин" төрагасы Айбек Калиев бул окуя боюнча маалыматы жоктугун айтты. Ал эми "Түндүк электр" ААКсынын башкы директору Искендер Кадыркулов ооруканалардын баары электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздалып жатканын билдирди. “Бишкектеги ооруканалардын баары электр энергия менен камсыздалган. Ал жерде электр жарыгы өчкөн болсо, дароо генераторлордун жардамында электр жарыгы берилет. Сиз айтып жаткан маалыматтарды уккан жокпуз”, - деп Кадыркулов депутаттын суроосуна жооп берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aibars
2018-01-30 16:53:38
Соз жок биздин бийликке, баары ак баары таза. Шалаакы мамиле жоопкерчиликтерине.
+6
bekhaliev
2018-01-30 17:00:16
Соз жок, эч болбогондо алган айлыгынарды актап койсонор
0
kyz19
2018-01-30 17:15:03
Кудаай. Наристелердин убалы элди ойлобогон бийликтегилерге тийсин. Жаны торогон энеси кандпй зар какшап жатса керек. Ушунчалык жаман создорду жазгым келип атат бийликке.
+2
rejepova
2018-01-30 17:34:21
Кыштын кыраанында ото эле кыйын болуп жатат. Базардагы соодагерлер эптеп жан багып атканда, орт каптап,деги качан онолоор экенбиз((((((
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан