Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы жалпы кырдаал боюнча маалымат алды

Бүгүн, 30-январда президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө президент өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы жалпы кырдаал, ошондой эле мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат алды.

Уларбек Шаршеев чек арадагы өткөрмө пункттарды реконструкциялоо жана модернизациялоо иштеринин жүрүшү жөнүндө баяндап берди.

Мамлекет башчысы мекеме жетекчилигинин алдына чек арачыларды социалдык жактан коргоону жакшыртуу боюнча ишти улантуу, аракеттерди чек ара кызматы системиндеги коррупцияга каршы күрөшүүгө топтоо милдетин койду.

Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик чек ара кызматына чек арачылар бөлүктөрүнүн аскердик даярдыгын жакшыртуу боюнча да бир катар тапшырмаларды берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bolunbo.kyrgyz
2018-01-30 17:24:27
Сооронбай хан катырып иштечи бир Кыргызстанды коргоп чек араны кенейтип болушунча жемкорлопду кустуруп. Кудай колдосун сизди.
+2
KAYRATBEK
2018-01-30 20:19:57
Кунуго чекеден эле министир жетекчилерди кабыл алып тапшырмаларды пачка пачка кылып берип атат жыйынтыгып куто туралычы.
0
Kemel29101981
2018-01-31 04:19:23
Сооронбай Женбеков озу шаарда жылуулук жок экенин, ош базардын куйуп кеткенин билеби ыя? Албек менен Сапарды дагы чакырып тапшырма ,милдет берип койбойбу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан