"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Капиталдык курулуш башкармалыгы: "Щербаков көчөсүнүн курулушу толугу менен аяктай элек"

Щербаков көчөсүнүн курулушу толугу менен аяктай элек. Бул тууралуу маалыматты Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынан бүгүн, 30-январда SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын көчөлөрүн оңдоо иштери "Бишкек асфальт" жана кытайлык "Чайна Роуд" компаниялары тарабынан жүргүзүлүп жатат. Щербаков көчөсүнүн жолун салуу иштери "Чайна Роуд" компаниясы тарабынан жүрүп жаткан, куруу иштери кыш мезгили келгендигине байланыштуу убактылуу токтогон.

"Суукка байланыштуу куруу иштери токтогон. Күн жылып баштаса курулуш иштери улантылат. Ал эми Щербаков көчөсү толугу менен бүтө элек жана мэрияга өткөрүлүп бериле элек", - деп билдиришти башкармалыктан.

Эскерте кетсек, "Борбордогу жаңы салынган тротуарлардын жээктери сынып, бир мезгилге жеткен жок" деген билдирүүнү окурман "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан