Ала-Арча дарыясынын нугу муздан тазаланууда

Өзгөчө кырдаалды болтурбоо үчүн Ала-Арча дарыясынын нугу муздан тазаланууда. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, тазалоо иштерине ӨКМнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы, Биринчи Май райондук администрациясы жана суу чарба ишканасы катышууда. Жалпы 67 адам, 7 атайын техника, 2 насос, 6 жүк ташуучу машина иштеп жатат.

Айта кетсек, 28-январда болжол менен саат 10:40 чамасында Малдыбаев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилиши ченде Ала-Арча дарыясында муз тоңуп, муз катмары пайда болгондуктан нугунан чыгып кетүү коркунучу пайда болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bolunbo.kyrgyz
2018-01-30 18:20:54
Алла ыразы болсун элди ойлоп муздак сууда иштегендерге.
+4
Kemel29101981
2018-01-31 04:16:06
21-кылымда жашап жатабыз, суунун нугун кол менен тазалап.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан