Бүгүн, 30-январда "Ата Мекен" фракциясынан депутат Айсулуу Мамашова №4-төрөт үйүндө электр жарыгы өчүп, төрөлгөн эгиздердин бири чарчап калганын айтты.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдиргендей, бардык ооруканаларда электр жарыгы өчкөндө генератор иштейт.
"Кечээ, 29-январда эгиздер төрөлгөн. Алар 26 жумада төрөлүп, айы жетпей калган. Экөө тең кыз болчу. Алардын салмагы 700 грамм, органдары толук жетилбей, абалдары оор болгон. Экөөсү тең атайын аппараттарга жаткырылган. Бирок кечээ кечке маал ымыркайдын биринин жүрөгү токтоп, чарчап калды. Бүгүн эртең менен экинчисинин дагы жүрөгү токтоп чарчап калды. Дарыгерлер сактап калганга аракет кылышты. Бул окуянын электр энергиясынын жок болгондугуна эч кандай тиешеси жок", - деп билдиришти.