Бүгүн Бишкек шаардык соту Аида Салянованын ишин кароону улантат

Бүгүн, 31-январда Бишкек шаардык соту "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянованын ишин карайт. Соттук отурум кечээ, 30-январда өтмөк. Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекованын ооруп калгандыгына байланыштуу соттук отурум жылдырылган.

Соттук жамаат ишти кароону 31-январь күнү уланарын, Саляновага мамлекеттик жактоочу дайындаларын чечкен.

Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
MaksCharbak85
2018-01-31 08:09:24
Ото эле эркеледида ушул айым, куноосу барбы камалсын да, ыр жомок кылбай
0
karashire
2018-01-31 08:57:04
Жомогуңарды бүгүндөн баштап токтотуп эле койгула соттогулар силерге эл ишенбей калды урже
+1
trabzon11
2018-01-31 09:38:33
Бугункусундо кимиси ооруйт болду екен,,кун жылып кетткенине байланыштуу сот эртенкиге жылдырылат окшойт, еми
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан