Жергиликтүү кеңештердеги шайлоолордун алдын ала жыйынтыктары

Кыргыз өлкөсүнүн бир нече аймагындагы жергиликтүү кеңештерде 28-январда шайлоо өттү. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо 47 784 шайлоочу добуш берди. Тизмеге кирген шайлоочулардын 54,84 пайызын түзөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Балта жана Таш-Көмүр шаардык кеңешине үчүнчү жолу мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. Мында 7 пайыз босогодон Таш-Көмүр шаардык кеңешине КСДП, "Мекеним Кыргызстан", "Таш-Көмүр жаштары", "Ата-Журт", "Өнүгүү-Прогресс" партиялары өттү. Ал эми Кара-Балта шаардык кеңешине эң көп добуш менен КСДП, "Эл аман", "Мекеним Кыргызстан" жана "Элдик-Народная" партиялары келишти. "Республика" партиясы 4 пайызга жетпеген добуш алган. "Өнүгүү-Прогресс" 2,55 пайыз добуш алды.

Мындан тышкары шайлоо Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарында 11 жергиликтүү, эки шаардык жана тогуз айылдык кеңеште өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Anichka12
2018-01-31 11:11:13
Эн коп добуш менен КСДП отту жергиликтуу кенешке адамдын кыжырын кайнатат бу партия,эч ким шайлабаса керек.Акырындан оппозиционер партияларды суруп чыкмай болуп калды
+2
Nurbollot
2018-01-31 12:39:33
Бүтүн Кыргызстан өтө аз алыптыр эл түшүнө элек окшойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан