Кыргыз өлкөсүндө иштеп эмгектенүүгө бөлүнгөн 14 миң орундун 11 миңден ашыгы Кытай жарандарына берилген. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев билдирди.
"Кыргыз өлкөсүндө эмгектенип иштөө үчүн чет элдиктерге 14 миң квота берилет. Анын 70 пайызы жалпы санда 11 миңден ашыгы Кытай жарандарына берилген. Азыр мыйзам сунуштап жатабыз. Ага ылайык, чет элдик мигранттарга карата төлөм киргизилет жана өлкөдөгү мекемелерде иштеген кызматкерлердин 80 пайыздан ашыгы Кыргыз жарандары болушу керек. Бул өлкөдөгү жумушсуздук маселесин чечүүгө багытталат", - деди Айдаралиев.
Депутаттар Кыргыз жергесине келип иштеген кызматкерлерге жылына 50 миң сомдон жогору төлөм киргизүүнү сунуш кылышты. Миграция кызматынын маалыматына ылайык, буга чейин бул төлөм эки миң сом болгон.