2017-жылы Мамлекеттик салык кызматы салыктарды жана төлөмдөрдү белгиленген пландан 1 миллиард 700 миң сомго аз жыйнады

Бүгүн, 31-январда Мамлекеттик салык кызматынын 2017-жылдагы иштеринин жыйынтыгы боюнча отуруму өтүп жатат. Ага премьер-министр Сапар Исаков, аталган мекеменин төрагасы, кызматкерлери, аймактык салык органдарынын жетекчилери катышып жатышат.

Жыйында өткөн жылы аталган кызмат салыктардан жана төлөмдөрдөн 73 миллиард 461 миллион 300 миң сом чогулгандыгын маалымдады. Белгиленген план 97,7 пайызга аткарылып, 1 миллиард 700 миң сомго кем жыйналган.

Ошону менен бирге, республикалык бюджетке 61 миллиард 576 миллион 900 миң сомдун ордуна 59 миллиард 954 миллион 400 миң сом түшкөн. План 97,4 пайызга аткарылып, 1,6 миллиард сом кем түшкөн. 2016-жылга салыштырмалуу республикалык бюджетке түшкөн салыктын көлөмү 5 миллиард 641 миллион 500 миң сомго же 10,4 пайызга көбөйгөн.

Мамлекеттик бюджеттин план-божомолунун толугу менен аткарылбай калгандыгына карабастан, салык органдары 2016-жылга салыштырмалуу салык жыйымдарын көбөйтө алышканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан