Сапар Исаков депутаттарга эртең менен парламент жыйынына эмнеге келе албай калганын түшүндүрдү

Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек Жылуулук электр борборунда болгон авария талкууланууда.

Анда Сапар Исаков эртең менен жыйынга келе албай калганынын себептерин айтып депутаттардан кечирим сурады. Депутат Жыргалбек Турускулов өкмөт башчысынын кандай себептер менен келбей калганын сурады.

"Шаар тургундарынан өзүңүз кечирим сурадыңыз. Бирок эртең менен депутаттарды сизди чакыртып саясат кылбай, эртең менен келип маалымат берип койсоңуз жакшы болмок", - деди Турускулов.

Өкмөт башчы Сапар Исаков келбей калышынын себептерин айтып берди.

"Мен биринчиден, кечирим сурайм. Бир маанилүү иш-чарам бар эле, ошол жолугушууну өткөрүп келе калдым. "Бул кыйын болуп мүнөзүн көргөзүп жатат" деп ойлоп калбагыла", - деди Исаков.

Айта кетсек, бүгүн премьер-министр Мамлекеттик салык кызматынын 2017-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча коллегияга катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ruslanz
2018-01-31 13:34:35
Азаматсын.
+1
Shekeev969798
2018-01-31 21:44:00
Шеф менен жолугуп келди да быягы кызык болуп атат не кылабыз Деп
-1
murgab2014
2018-02-01 00:50:53
Началник не опаздывает только задерживают
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан