Бюджеттен чөө, карышкырларды аткан адамдарга жыл сайын 3 миллион сомдон ашык акча бөлүнөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 31-январда Мергенчилик департаментинин бөлүм башчысы Талантбек Турдуматов билдирди.
"Азыркы учурда пландык иштер толук даярдалып бүтө электигине байланыштуу быйыл бөлүнө турган акчанын так суммасы аныктала элек. Ар бир райондо атайын комиссия бар, алар мергенчилер алып келген атылган карышкыр же чөөнүн терисин текшерип акты түзүшөт. Акты түзүлгөндөн кийин тери атып келген адамга кайтарылып берилет. Кийин ал комиссиянын чечими бизге жөнөтүлүп, биз аткан адамдын эсебине акчаны которобуз. Бул актыны түзүү үчүн айыл өкмөт тарабынан ага берилген жаныбарды аткандыгы тууралуу маалымкат, паспорту жана банктагы эсеп номери болуусу зарыл.
Ар бир атылган чөөгө 2 миң сомдон, карышкырга 6 миң сомдон берилет. Жыл сайын миңдей чөө, 400дөн ашуун карышкыр атылат", - дейт Турдуматов.
Айта кетсек, буга чейин окурман "Ала-Бука районуна караштуу Көк-Таш айылында адамдын тынчын алган чөөлөр пайда болду, аны атып жок кылгандарга кызыктыруучу сыйлыктар болобу?" - деп кайрылган.