ӨКМ: "Февраль айында Бишкекте катуу суук болбойт"

Бишкекте февраль айында катуу суук болбойт. Мындай билдирүүнү бүгүн, 31-январда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

"Бишкектеги катуу суук өтүп кетти. Абанын температурасы -10го чейин түшүшү мүмкүн, бирок жакынкы күндөрдө күн жылып баштайт", - дейт министр.

Ал эми Кыргызгидромет февраль айында суук жылдагыдай эле боло тургандыгын билдирет. Алдыдагы айда аба ырайынын кескин сууктап кетиши тууралуу божомолдор жок. Чүй жана Талас облустарында абанын температурасы түнкүсүн +1ден -10 градуска чейин болот. Нарын, Ысык-Көл облустарында түнкүсүн суук -6дан -11 градуска чейин болсо, өлкөнүн түштүк аймагында түнкүсүн аба ырайы +3төн -8 градус боло тургандыгы күтүлөт. Ал эми күндүзү өлкө аймагында февраль айында абанын температурасы +5тен +15 градуска чейин жогорулашы мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
BubleGum
2018-01-31 13:51:32
а ошто жер силкинди 13:05 те
баллын билип бербейсинерби супер?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан