Ооганстанда күчү 7-8 баллга жеткен жер титирөө катталып, анын күчү Ош жана Баткен облустарында сезилди

Бүгүн, 31-январда Ооганстандын аймагында күчү 7-8 баллга жеткен жер титирөө катталып, анын күчү Кыргыз мамлекетинин Ош жана Баткен облустарында 2,5-3 баллга сезилди. Бул тууралуу Сейсмология институтунун алдын ала маалыматына таянуу менен, SUPER.KG'ге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ал эми Европа-Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борборунун маалыматына таянсак, анын очогу жергиликтүү убакыт боюнча саат 13:07 чамасында Ооганстандын борбору Кабул шаарынан 272 чакырым алыстыктагы тоо кыркаларында орун алган.

ӨКМнын алдын ала берген маалыматы боюнча Кыргыз мамлекетинин аймагында жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
JrDosSantos
2018-01-31 14:45:58
Аксыда бир силкинип отуп кетти. Кудай сактасын.
+3
Batma08
2018-01-31 14:46:02
Ошто ким билди
0
Mira0211
2018-01-31 14:48:41
Batma08,Мен билдим
0
Shaa-82
2018-01-31 15:09:52
Ошо кухняга кирсем идиштер турган жер кыймылдап аткансыды эле залга кирсем люстра кыймылдап аткан бирок уйдокулор сезбептир. Боодо кырсыктардан Аллах озу сактасын.
+3
nursiyanur
2018-01-31 15:46:54
Ошто катуу болду,бир кыйла турду титиреп
0
Bek94
2018-01-31 15:57:35
Сезилди бизге да катуу эле болгондой го этажда турабыз өзү дагы.
0
lilya8
2018-01-31 16:28:28
Жалал-Абадда да сезилди т.а. Барпыда
+2
Elia2015
2018-01-31 16:46:56
катуу эле бир силкти анан акырындап калды
0
Topchubai
2018-01-31 17:22:20
Исфанада дагы байкалды.
0
jemile
2018-01-31 18:54:00
Катуу эле болду
0
aliya-leyla
2018-01-31 19:23:20
Кудайым сактасын
0
Munar8625
2018-01-31 19:58:51
баткенде дагы байкалды экинчи этажда чоп кыркып жаткам бирок копко эле келип кетип титиреп турду
0
Abdumital
2018-01-31 22:00:10
Байкуш памир боордоштор жакта болбодубу бекен аман эле болушсун
0
BekAmir
2018-01-31 23:43:37
Памирде боз уйдо жашашат
0
Muslim1990
2018-02-01 01:00:52
Токтогулда да билинди.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан