"Бишкек шаарындагы айрым жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөрдү белгилеп, чиердин алдында кичине логикага салып коюшса", - деген билдирүүнү 9-январда "Элдик кабарга" окурман жиберген.
Бишкек шаарынын мэриясы бул маселе боюнча жооп берди.
"Бүгүн, 31-январда Бишкек шаарындагы Гагарин көчөсүндө "Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жайдагы ыңгайсыздык жараткан бордюрду алып салды", - дейт Бишкек мэриясынын маалымат катчысы.