Бакыт Төрөбаев: "Биз кооз программаларды жазып фантастикада жашап калдык. Жерге түшүп, экономиканын абалын караш керек"

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев өкмөттү экономикалык абалга көңүл бурууга чакырды. Эл өкүлү өткөн жылы экономикалык көрсөткүчтөр бир топ төмөндөгөнүн айтты.

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, 2017-жылда 6 айда дотация көбөйүптүр. Салык кызматынын маалыматына ылайык, ири компаниялардын 2017-жылы салык төлөмдөрү төмөндөп кетиптир. 39 мекеме иштебей калганы маалым болду. Менин маалыматым боюнча, мамлекеттик кызматкерлер январь айында айлык ала албай калган. Бирок так маалымат жок", - деди Төрөбаев.

Төрөбаев өкмөттүн программаларын айтып, аткезчиликти токтотууну сунуштады.

"Элмира Ногойбаева деген бир интернет колдонуучусу “виртуалдык фантастикалык жашоодо жашап калдык” деген өз оюн айтып жатат. Мен айткым келет: биз кооз программаларды жазып жатабыз. Балким, биз чынында фантастикада жашап калдык. Жерге түшүш керек, экономиканын абалын караш керек.

Эмне үчүн нефтетрейдерлердин кирешелери төмөндөп кетти. Анткени Талас-Тараз жактан аткезчилик жолу менен төлөмү жок, каттоосу жок товарлар менен унаалар кирип жатат. Ош, Жалал-Абадда Өзбекстандын товарлары каптап кетти. Ал товарлар биздин чакан ишкерликке, бизнеске тоскоолдук жаратып жатат. Биздин ишкерлер атаандаштыкка туруштук бере албай жатат. Ошондуктан чек араны жакшы караш керек. Салыктарды төлөттүрүп, биздин ишкерлерге атаандаштыкты түзүп бериш керек. Ошондо кичинекей мекемелер иштейт, айлыктар берилет, айыл аймактары дотациядан чыгат. Ошондо экономиканын турмушу өсөт. Жаз келе жатат, өзгөчө кырдаалдар болушу мүмкүн. Экономиканын абалына кылдаттык мамиле кылып, жакшы иштеш керек", - деп кошумчалады Төрөбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан