2017-жылдын 11 ай аралыгында, тактап айтканда, январынан ноябрына чейин өлкөдөгү калктын саны 109 миң 90 кишиге көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Мамлекеттик каттоо кызматынын берген маалыматына ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн убакыт аралыгында Жарандык абалдын актыларын каттоо органдары жаңы төрөлгөн 140 миң ымыркайды каттоого алган.
Өлкөдө өткөн жылдын 11 айынын ичинде каза болгондордун саны 30 миң 100 адамды түзгөн. Калктын санынын өсүшү Баткен жана Ош облустарында көбүрөөк байкалган.