"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Токтогулдагы Чоң-Арык айылына таза суу түтүктөрүн киргизүү келишимде белгиленген мөөнөттөн 3 айга кеч бүткөрүлөт"

"Токтогул районунун Кетмен-Төбө айыл аймагына караштуу Чоң-Арык айылына таза суу түтүктөрүн киргизүү иштери март айында бүтөт. Бир нече себептерге байланыштуу ал жумуш белгиленген мөөнөткө бүтпөй калды", - деп билдирди Кетмен-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы Иляз Чороев SUPER.KG порталына.

Буга чейин, "Элдик кабар" рубрикасына окурман таза суунун түтүктөрүн орнотуу үчүн казылган чуңкурлар жабылбаган боюнча кышка калганын кабарлаган. Анда окурман кыштын тайгактуу, бороондуу күндөрүндө бул чуңкурлар жашоочуларга ыңгайсыздык жаратып жатканын айткан. Окурмандын айтымында, бул жумуштар кыш мезгилине чейин эле бүтүш керек болчу.

Чороевдин билдирүүсүнө ылайык, аталган айылга таза суу киргизүү долбоорунун сметалык баасы 3 миллион 589 миң 262 сом. Буга 4 миң 710 метр түтүк алынып таза суу үчүн орнотулат.

"Өткөн жылдын 8-августунда тендер жарыяланып, "Сафира" деген фирма өзүнүн кызматтарын сунуштап, утуп алган. Ал жумушту 2 миллион 814 миң 45 сомго бүтүрүп бере турган болгон. Фирма менен 28-августта келишим түзүлүп, адегенде элден топтолгон 220 миң акча которулган. Кийин бюджеттен 403 миң 46 сом берилип, фирмага өткөрүп бердик. Ноябрда 657 миң 300 сом аталган ишканага которулган. Келишим боюнча ишкана өткөн жылдын декабрь айында оңдоо иштерин бүтүрмөк", - деди ал.

Айыл өкмөт башчынын айтымында, "Сафира" ишканасы адегенде иштин декабрь айына бүтпөй калгандыгын экскаваторунун бузулуп калгандыгы менен байланыштырган.

"Мындан кийин мен фирманын жетекчиси менен жолугуп сүйлөштүм, ал жумуштун бүтпөй жатканынын себептерин айтып, түшүнүк кат жазган. Алар Бишкектен түтүктөрдү алдыруу үчүн буюртма беришкен, бирок шайлоого байланыштуу ал түтүктөрдү алып келүү кечиккен. Шайлоодон кийин доллардын баасы көтөрүлдү деп буюртма алгандар түтүктү кымбаттатып жиберишиптир. Ошентип отуруп суук түшүп кетти. Ишкана кар эрип, күн жылыган алгачкы күндөн тартып жумушту баштап, бүтүрүп берүүнү убадалады", - деп билдирди Иляз Чороев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан