Депутат: "Өкмөт жарандарга үйлөрүн камсыздандыруу үчүн турак жайына кызыл китеп алууга жардам бериши керек"

Бүгүн, 1-февралда депутат Рада Түмөнбаева өкмөт жарандарга үйлөрүн камсыздандырышы үчүн турак жайына кызыл китеп алууга жардам бериши керектигин айтты. Эл өкүлү учурда кызыл китеп үчүн бир топ документтер топтолуп, буга 10-15 миӊ сом жумшаларын айтты.

"Мындай абал элеттиктерге оорчулук келтирүүдө. Бизде ар кандай табигый кырсыктар көп болот, өрт чыгат. Жарандар өз турак жайларын камсыздандырууга аргасыз. Өкмөт аларга жардам бербесе, документтерди топтоп, турак жайга кызыл китеп алыш кыйын болуп калды. Ошондуктан, элетте жашаган андай жарандарга кандайдыр бир жеӊилдиктер берилиши керек", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан