Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларына күнү-түнү мониторинг жүргүзүлүүдө

Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларына күнү-түнү мониторинг жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өзгөчө кырдаалды болтурбоо жана жеке үйлөрдү суу каптап кетүүдөн сактоо максатында Ала-Арча дарыясынын нугундагы муздарды тазалоо иштери жүрүүдө.

"Учурда Рыскулов көчөсүнүн ылдыйкы бөлүгүндө муз тыгындарын тазалоо иштери жүрүүдө. Ленин райондук администрациясынын кызматкерлери жана 17 атайын техника тартылган. Буга чейин аталган жерде муз топтому көбөйгөндүктөн, сууга жакын жайгашкан үйлөрдүн коопсуздугу үчүн жээктерди бекемдеп, кум салынган каптар менен дамба орнотулган болчу. Учурда шаардык бийлик тарабынан Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларына күнү-түнү мониторинг жүргүзүлүп жатат", - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Айта кетсек, кечээ, 31-январь күнү кечке маал Ала-Арча дарыясынын деңгээли кескин көтөрүлүп, үч турак үйдүн короосун каптаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан