Бүгүн, 1-февралда депутат Ирина Карамушкина жоголгон жетим балдар боюнча жооптуу аткаминерлердин жоопкерчилигин кароону талап кылды. Эл өкүлү учурда кароосуз калган балдарга көңүл буруунун зарылдыгын айтып, 2019-жылды балдарды колдоо жылы деп атоо зарылдыгын айтты.
“Башкы прокуратура бир да жолу интернат, жеке балдар үйлөрүн текшерген жок. Бишкектин Биринчи Май районунда интернатка 50 бала берилип, алардын 28инин дайыны чыкпай жатканы боюнча маалыматтар бар. Эмне үчүн 7 жылдан бери бир да жооптуу адамдар жоопкерчилик алган жок? Башкы прокуратурада балдар укугу боюнча башкармалык бар. Кызматкерлерди жоопко тартып, өлкөдө чет элдик балдарды асыроочуларга ортомчулук кылган ишканалардын уруксат кагаздарын жокко чыгаруу керек”, - деди Карамушкина.