Кыргыз өлкөсүндөгү мектептерге 752 мугалим жетишпейт. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда өлкө аймагындагы мектептерде 80 миңдей мугалим эмгектенип жатат.
"Бүгүнкү күндө англис, орус тили, музыка, химия, физика жана дене тарбия боюнча мугалимдер керек. Жазгы бүтүрүүчүлөрдүн эсебинен педагогика багытындагы студенттерди туура бөлүштүрүү менен, бул маселени чечүүнү көздөп жатабыз. Ошондой эле башталгыч класстардын мугалимдерин даярдоого да өзгөчө көңүл бурулат", - деп айтылат министрликтин маалыматында.