Бишкек шаарындагы Эркиндик бульвары менен Киев көчөсүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдүн чатырындагы муз алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, Эркиндик бульвары менен Киев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан кабаттуу үйдүн чатырында тургундарга коркунуч туудуруп жаткан муз Биринчи Май райондук администрациясы жана аймактык муниципалдык башкармалыктын кызматкерлери тарабынан алынган.
Эскерте кетсек, бүгүн, 1-февралда окурман SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына "Бишкектин Эркиндик бульвары менен Киев көчөсүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдүн чатырында 1,5 метр муз турат, эгер алып койбосо адамдарга зыян келтирет" деген билдирүүсүн WhatsApp номери аркылуу жөнөткөн.