"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Тунгуч кичи районунда электр энергиясы жана жылуулук качан берилери белгисиз"

Бишкек шаарынын Тунгуч кичи районунда электр энергиясы жана жылуулук качан берилери белгисиз. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 1-февралда SUPER.KG порталына "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

"Тунгуч кичи районунда электр энергиясы суукка байланыштуу адаттагыдан көп колдонулгандыктан күч келип, электр чубалгылары күйүп кеткен. Азыркы тапта атайын бригада оңдоо иштерин жүргүзүп жатат. Ал эми Тунгуч кичи районунун жылытуу системи электр энергиясына байлангандыктан, жылуулук да өчүп калган. Азырынча электр энергиясы качан берилери белгисиз", - деп айтышты ишканадан.

Эскерте кетсек, SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына "Кечээ, 31-январь күнү саат 20:30 чамасында Тунгуч кичи районунда электр жарыгы өчкөн. Арадан үч сааттан кийин жылуулук да өчүрүлдү" деген кабар келип түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Goodyer
2018-02-01 15:52:49
Кыргызстан жок болуп кетейин деп калган окшойт
+2
Begmat1992
2018-02-01 16:10:00
Жакшы дагы Россиядагыдай суук болбойт 40градус суук болсо бутун Кыргызстан электроэнергиясыз калат окшойт
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан