Жогорку Кеңеште депутаттардын ордунда добуш берип жаткан кызматкер залдан чыгарылды

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңеште депутаттардын ордунда добуш берип жаткан кызматкер залдан чыгарылды.

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов депутаттык мандаты жок кызматкер эл өкүлдөрүнүн ордунда добуш берип жатканын айтты.

"Бул жерде биз менен бирге Жогорку Кеңештин кызматкерлери добуш берип отурат. Сиз чыгарбайсызбы же стеннограмма үчүн микрофондон айтып койбойсузбу. Буларды да трибунага чыгарып, ант бердирелиби?" - деп Жамалдинов Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековго кайрылды.

Дастанбек Жумабеков добуш берип отурган кызматкерди залдан чыгып кетишин талап кылды. Ал жыйындар залынан чыгып кетти.

Белгилей кетсек, бул учурда депутаттар Бишкек ЖЭБиндеги аварияга байланыштуу токтомго добуш берип жатышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
knk
2018-02-01 14:24:55
Эх, эмне дээринди деле билбейсин. Соз жок.
+4
RusMos76
2018-02-01 14:47:58
Эмне деген жогорку кенеш болуп калды, санын азайтышпайбы жон эле жеп жутуп, добушка келгенде шоопурун жонотуп коюп жата беришпей, кимдин ордуна добуш берип жатса ошол депутаттын мандатын алыш керек озу, порядок озу жогору жактан болуш керек!
+6
Bolunbo.kyrgyz
2018-02-01 15:02:02
Мултфилимдер)))))
+4
nursultan93
2018-02-01 15:10:45
ЕРАЛАШ күлөм башка сөз деле айталбайм
+3
futboler
2018-02-01 15:24:31
Цирк го
+4
Omuur94
2018-02-01 15:26:36
Кыргызстандын тагдыры ушундай беле???(
+4
Raimkulov123.kg
2018-02-01 15:44:43
Биздин Жогорку Кенеш садик эле болуп калды
+1
Kulatov
2018-02-01 19:34:42
Кана жанагы депутат сөрөй Жолдошбаев жөө жүргөндөрдөн уялбай ушуга окшогондордон уялбайбы
+1
Parish
2018-02-01 22:38:54
Союздун убагында 60 эле болгон экен,бизге 50 депутат деле жетмек.
ансыз деле 50-60 катышат калгандары жок.
0
bazar
2018-02-02 12:35:22
Бизге депутаттардын деле кереги жок экен негизи. Бала бакча турбайбы бул жагы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан