Жогорку Кеңеште экологиялык таза бензинге өтүү боюнча мыйзам каралды

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында 2019-жылдын 1-январынан баштап евро-5 стандартындагы таза бензинге өтүү боюнча мыйзам каралды. Бул мыйзам ЕАЭБ талаптарына ылайык сунушталган.

Кыргыз тарапка бул стандартка өтүүгө 2021-жылга чейин убакыт берилген эле. Бирок депутат Дастан Бекешев бул убакытты 2019-жылдын 1-январына чейин кыскартууну сунуштады. Депутат Азамат Арапбаев Бекешевге кайрылып, сунушун артка чакыртып алуу керектигин айтты.

"Бул бизде эле эмес, Казакстанда да чоң маселе. Биз Орусиянын товарына чектөө киргизип жатабыз. Азыр биздин ишкерлер бензин өндүрүп сыртка сатса болот деп жатабыз. Эртең Тажикстанда, Ооганстанда да чектөө киргизилип калса, ким күйүүчү майдын киргизерине кепилдик болот?" - деди Арапбаев.

Ал эми Айтмамат Назаров жергиликтүү бензин өндүрүүнү евро-5 стандартына өткөрүү керек деген пикирде.

"Орусия ушул стандартка 2016-жылдын июлунан баштап өткөн. Бүгүн бизге Орусиядан келип жаткан күйүүчү майдын бардыгы евро-3, евро-4 стандартында. Биздин Кара-Балтадагы "Жунда" заводун ошол стандартка өткөрүш үчүн 100 миллион доллар кетет экен. Ошондуктан жергиликтүү өндүрүүчүлөр да жаңы стандартка өтүү жагын карашы керек", - деди Назаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан