"5 суткадан бери ысык тамак иче элекмин же жууна албайсың" дейт Бишкектеги жылынуучу жайдын от жагуучусу

"5 суткадан бери ысык тамак иче элекмин же жууна албайсың" дейт Бишкектеги жылынуучу жайдын от жагуучусумун деген 60 жаштагы Алтынбек Шаменов. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-февралда SUPER.KG порталына билдирди.

"Мен 28-январда жумуш издеп жүрүп, жылынуучу жайга кирип калдым. Талант деген киши "бул жерде жардамдашып тур, шеф менен сүйлөшүп биринен баштап жумушка киргизем деген. Ысык тамак жок, 5 суткадан бери нан менен эле чай ичем же жууна албайсыӊ.

ӨКМдан күндө нан таштап кетчү эле, кечээтен бери келе элек. Бүгүн эртеӊ менен мугалимдер келип таттууларды таштап кетишти. Бул жайга күнүнө 200дөй киши келип, ысык чай ичип жылынып кетишет. Түнкү 11-12ге чейин от жагып, кечинде жеӊемдин үйүнө барып тамактанып келем. Ал жакта күркөдө жашайм. Себеби агам каза болуп калган. Үй-бүлөм жок. Бир орус улутундагы аялым бар болчу, ал Орусияга кетип калган. Жети-Өгүздө атамдан калган үйдө бир иним турат. Анын 5 баласы бар болгондуктан үйгө батпай калдым. Ошол үчүн борборго келе бергем", - деди Бишкектеги жылынуучу жайдын от жагуучусу.

Бул боюнча Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматына байланышканыбызда: "Сиздер сурап жаткан Тынчтык кең көчөсүндөгү жылынуучу жай Ленин районуна карайт. Бирок ал жерде "жумушка алабыз" деген сөз болгон эмес. Бизде ишке сынак менен алынат. Ал эми тамак-ашты ыктыярчылар өздөрү алып келишүүдө. Эгер адамдардын бара турган жери жок болсо Бишкек шаарында үй-жайсыздар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар иштеп жатат", - деп билдирди Бишкек шаардык мэриясынан.

Эскерте кетсек, өткөн аптада Бишкекте бир нече убактылуу жылынуу пункттары ачылган. Ал жакка көчөдө баратып, үшүп калган шаар тургундары кирип, жылынып, ысык чай ичсе да болот. Ошондой эле үй-жайсыздар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар да иштөөдө.

"5 суткадан бери ысык тамак иче элекмин же жууна албайсың"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
bibi87
2018-02-01 21:15:55
Сынак менен ишке алынат дейт го Тим эле
+2
adii
2018-02-01 21:57:25
Ишке орнотом деген Талант деген кишиден сураш керек, шеф менен суйлошом дегенден кийин, суйлошуп киргизип койсунда. Супер инфо, Талант менен дагы байланышып, иштин чоо-жайын билгиледа, же шамал болуп качып кетиппи.
+6
guku_80r
2018-02-01 22:23:37
Ушул жашка келгенче эмне учун менин да элдикиндей уйум.бала чакам жок деп неге ойлонбойт. Алты саны аман эле киши экен. Ысык тамак жок деп. Уят. Беш кун соопчулук учун деле иштеп койсо болот го дейм. Баарын эле окмотко шылтай бербеш керек деп ойлойм.
+4
wwwbaxa
2018-02-01 23:20:19
guku_80r,бир аз ойлонуп жазсаңыз,азыр бекерге мышык да мыёлобойтко...
0
nargiz94
2018-02-01 23:28:28
Окунучтуу... Небере жыттап, уул-келиндин торундо байбиче мн ысык чай ичип отура турган убакта, уйдон жок же уй булодон жок, кочодо калганы... ичкилик менен достошуп ушул даражага жеткен сыяктуу.
+2
Nora
2018-02-02 06:51:50
orus aiyalym bar ele deit , orus menen jee jyrgaisyn jee kuuraisyn dep koiot , tak chto bul kishi kuuraptyr, ushuncha jashka chygyp ui jaiy jok, ui bulosu jok kyiyn ele boluptur,kebetesinen ele korunup turat goo ichkich ekendigi.
0
Nora
2018-02-02 06:53:10
jenem bar dep atat, oshol jenesine ele tyiyp albaiby ee xa xaaaxaaaaa
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан