Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында 2019-жылдын 1-январынан баштап евро-5 стандартындагы таза бензинге өтүү боюнча мыйзам долбоору каралды. Бул мыйзам ЕАЭБ талаптарына ылайык, атмосфералык аба дуушар болгон зыяндуу таасирди токтотууга багытталган.
Ага ылайык, өлкөгө 2021-жылдын 1-январынан тартып евро-1, евро-2, евро-3, евро-4 стандартындагы күйүүчү майын сатууга жана пайдаланууга тыюу салынат. "Сапаты төмөн күйүүчү майлардан дем алуу органдарына зыян келтирүүчү химиялык күкүрт газы көбүрөөк чыгат. Анын кесепети дем алуу органдарынын бара-бара ракка чалдыгышын шарттайт", - деп жазылат мыйзам долбоорунда.
КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев бул мыйзам долбоору жарандардын саламаттыгына карата багытталганын айтты.
"Сапаты төмөн күйүүчү майга тыюу салынбаса жарандардын өпкө ооруларынын көбөйүшүнө макул болгон болобуз. Дал ушул сапатсыз күйүүчү майдан улам онкологиялык оорулар кескин көбөйдү", - деди Бекешев.
"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев: "Экологияны сактоо маселесинде гибрид кыймылдаткычтуу автоунааларды чек арадан киргизүүдөгү бажы төлөмдөрүн минималдаштыруу же таптакыр жок кылуу зарыл", - дейт.