Январь айынын акыркы жумасында ОРВИге чалдыккандардын саны 12,3 пайызга өстү

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, январь айынын акыркы жумасында ОРВИге чалдыккандардын саны 12,3 пайызга өскөн. Бирок бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 1,6 эсеге аз.

"2017-жылдын октябрь айынан 2018-жылдын январь айына чейин республика боюнча ОРВИден олуттуу жабыр тарткан 61 учур катталды. Учурда өлкөдө эпидемиологиялык абал бир калыпта. Өлкөнүн бардык аймактарындагы жергиликтүү калкка сасык тумоодон жана вирустун өтүшүп кетишинен кантип сактануу керектиги жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бүгүнкү күндө Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында оорунун оор түрү менен күрөшүү, алдын алуу иштери уланууда. Ушул тапта 4 ай ичинде жалпы 266 оорулууга медициналык жардам көрсөтүлгөн", - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Белгилей кетсек, ОРВИ (острая респираторная вирусная инфекция) кыргызча – дем алуу органдарынын түрдүү вирустар козгоочу курч кармаган жугуштуу оорулары. Ал өз ичине сасык тумоонун вирусун, парагриппти, аденовирус, риновирусту жана башкаларды камтыйт. Вирус оорулуу адамдан соо адамга аба аркылуу (сүйлөшкөндө, жөтөлгөндө, чүчкүргөндө) жугат. Суук тийүү абалыӊызды бир канча күнгө начарлатса, сасык тумоо бир нече күндөн 2-3 аптага чейин сизди "чеӊгээлинен" чыгарбайт. Убагында дарыланбаса өтүшүп, пневмонияга (өпкөнүн кагынышы) чейин жеткирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан