Депутат Бокоев соттордун чечимдери сайтка ачык жарыяланышы керектигин айтты

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев соттордун чечимдери сайтка ачык жарыяланышы керектигин айтты. Бул тууралуу Бокоев кечээ, 1-февралда "Парламент" радиосуна берген маегинде билдирди.

"Соттордун чыгарган чечимдеринен күмөн санабаш үчүн анын мазмуну расмий сайтка жайгаштырылышы керек. Бирок айыпталып жаткан тараптын аты-жөнү ал жерде толук көрсөтүлбөйт. Себеби бул адам укуктарына тиешелүү болгон суроо. Ошондой эле ар бир сот болом деген талапкер сынакка катышуу учурунда жазуу жүзүндө мен ишке орношкон соң, "өзүмдүн жана жакындарымдын телефон сүйлөшүүлөрүн угууга макулдугумду берем" деген тил кат жазып берүүгө тийиш. Бул тууралуу тиешелүү мыйзамдын өзгөртүүлөрү демилгеленген. Бул дагы соттордун көз карандысыздыгын камсыздоого өбөлгө болот", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан