Бүгүн, 2-февралда Чүй облусунун Москва райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун өлүмүнө айыпталып жаткан айдоочуга соттун өкүмү чыгышы күтүлөт.
30-январда аталган иш боюнча соттук отурум болгон. Анда прокурор соттон КамАЗдын айдоочусун 11 жылга жатак абакка кесүүнү сураган.
Ал эми жактоочу айдоочу жол кырсыгын атайылап кылбаганын, кырсык болгон соң эч кайда качпаганын айтып, айыпталуучуну камакка албоону өтүнгөн.
Эскерте кетсек, 2017-жылы 7-октябрь күнү Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Садовое айылындагы бөлүгүндө КамАЗ Тойота Прадо унаасын сүзүп, 10-15 метрге чейин сүрүп кеткен. Натыйжада Тойота Прадо унаасынын ичиндеги Темир Жумакадыров, анын жардамчысы жана айдоочусу каза болгон.