Бүгүн, 2-февралда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча отурум уланат. Кечээ Салянованын жактоочусу экинчи ирет алмашып, эми мурда коомдук жактоочу болуп жүргөн Рабига Сыдыкова ишти уланта турган болгон.
Буга чейин соттук отурумда ишти изилдөө аяктаган. Кечээ, 1-февралда түштөн кийин жарыш сөз башталмак, бирок жактоочулар тарабынан келтирилген өтүнүчтөр жана сотко көрсөтүлгөн ишенбөөчүлүктүн саны көбөйүп, аны карап бүткөнчө эле жумуш убактысы аяктаган.
Сот бүгүн саат 10:00дө уланып, жарыш сөз берилери айтылган.
Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.