Орусияда көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан кулап кетип Москва шаарындагы ооруканада жаткан Жаркынай Юсупова 20-январда Бишкекке алынып келип №4-ооруканага жаткырылган. Бүгүн, 2-февралда ага операция жасалат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Юсупова өзү кабарлады.
"Азыр абалым жакшы болуп калды. Бутумдагы темирлерди чечип, оң далыма операция жасалат. Аны Сабырбек Жумабеков өзү жасайт экен", - деди ал.
Белгилей кетсек, Жаркынай ушул жылдын 1-январында саат 07:00дөр чамасында Москвада жашап жаткан үйүндө терезеге парда тагып жатып 5-кабаттан түшүп кеткен. Кулап түшкөндөн кийин эс учу жок абалда шаардагы ооруканалардын бирине жаткырылган. Эки күндөн кийин ал эсине келип, жаракат алган жерлерине алгачкы операция жасалган. Өзүнүн айтымында, эки буту сынып, омурткасы жана оң колу жабыркаган. Мындан улам белинен ылдый тарабы эч нерсе сезбей жатат.
Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу шаарынын 29 жаштагы тургуну Жаркынай 10 жылга жакын убакыттан бери Орусияда иштеп келген.