Чүйдө Шорго-Булак суусуна муз тоңуп, жээктен ашкан суу турак үйлөрдү каптады

29-январда Жайыл районундагы Шорго-Булак суусу тоңуп, муз катмары пайда болгондуктан суу жээктен ашып, Тунук айылындагы 6 турак үйдүн короо жайларын каптап кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 1 экскаватор, айыл аймактан 1 жүктөгүч, жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылып, кырсыктын алдын алуу жумуштары жүргүзүлүп баштаган.

Тоңгон музду жаруу жана жээк бекемдөө иштери аткарылып, коркунуч жоюлганын 2-февралда ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан