Миграция кызматы чет мамлекетте жүргөн мигранттардын негизги көйгөйлөрүн атады

Бүгүн, 2-февралда Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев чет өлкөдө жүргөн мигранттардын негизги көйгөйлөрүн атады. Бул тууралуу ал КСДП фракциясынын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргыз мамлекети ЕАЭБге киргенден кийин дагы көйгөйлөр калган.

“Эң негизги көйгөй жарандар жол чырактан туура эмес өтүп кетсе деле “кара тизмеге” киргизилет экен. Эмгек келишим бүтсө жаңы келишим түзүүгө 15 эле күн берилет. Келишим түзүүнүн мөөнөтүн 30 күнгө узартуу керек деп ойлойбуз. Бул маселе боюнча Кыргыз тарап ЕАЭБ комиссиясына кайрылганбыз. Бул кайрылуу 4-мартта каралуусу күтүлүүдө”, - деди Айдаралиев.

Учурда жыйында ички жана тышкы эмгек миграцияны жөнгө салуу маселеси талкууланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
almanbetperm
2018-02-02 11:20:13
Ээээ эмнесин айтасын,койгойлор толтура,оздору мигрант болуп иштеп корушсун анан билишет
+4
Nurik1988
2018-02-02 13:27:01
Силер кундо бир иштин башын суйлоп чыгасынар да аяагына чыкпайсынар. Тока тилинер менен бутуросунор. Иш жагы менен келгендн колунардан ..... да келбейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан