"Мегакомдун" жетекчиси: "Эгер Улуттук банктын электрондук капчык боюнча мыйзамы өтүп кетсе, ортомчулар каражат таап калат"

Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясы Улуттук банктын электрондук капчыкты мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун карап жатат. Депутаттар жыйында уюлдук операторлордун өкүлдөрүн, мамлекеттик органдардын катышуусунда маалымат угууда. Анда "Мегаком" компаниясынын жетекчиси Азат Базаркулов бул капчыкты өнүктүрүү зарылдыгын айтты.

"Биз абоненттин түз акча алуусун сунуштап жатабыз. Улуттук банк ортомчулар аркылуу кылгысы келип жатат. Эгер Улуттук банктын сунушу өтүп кетсе, ортодо ортомчулар каражат таап калат. Бул жерде коопсуздуктун тиешеси жок. Биз азыр варианттарды сунуштап жатабыз. Бул жерде Улуттук банктын, коммерциялык банктардын кызыкчылыктары бар. Талкууну дагы узартсак, дагы варианттарды сунуштасак деп сунуш кылат элем. Азыр улуттук "Элкарт" картасынын негизинде ишке ашырсак деп сунуштап жатабыз. Дагы бир сүйлөшөлү. Бул жерде каражаттын чеги 15 миң сомду түзөт", - деди Базаркулов.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов электрондук капчыкты мыйзамдуу жол менен өнүктүрүүгө кызыкдар экенин айтты.

"Биз электрондук капчыктарды өнүктүрүүгө кызыкдарбыз. Бул Улуттук банктын көзөмөлүндө, мыйзам базасында корголгон болушу шарт. 4-5 ай мурун бул сунуш бардык уюлдук операторлорго жибергенбиз. Улуттук банк бардык жарандардын каражатына кепил болот. Ошондуктан биз изилдеп жатабыз. Дүйнөлүк практиканы карап жатабыз", - деди Абдыгулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан