Вице-премьер Султанбекова өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгү менен жыл ичинде аткарыла турган иштерди талкуулады
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова кечээ, 1-февралда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Жыйындын жүрүшүндө облустун 2017-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары, 2018-жылга коюлган пландары каралды.
"Азыркы учурда облустун аймагында улуттук маанидеги ири долбоорлор ишке ашырылууда. Атап айтканда, быйыл стратегиялык мааниси зор Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун курулушу улантылып, Ат-Башы ГЭСинин реконструкцияланышы күтүлүүдө.
Кара-Кече көмүр кенин натыйжалуу иштетүү боюнча ири инвесторлорду тартуу иштери жүргүзүлүп, Жумгал районундагы Баш-Кууганды суу сактагычы ишке берилет", - деди Султанбекова.
Ошондой эле ал президенттин 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялагандыгына байланыштуу, өлкөнүн бардык аймактарынын өнүгүүсүн камсыз кылуу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу системинин натыйжалуулугун арттыруу аракеттери жогорку деңгээлде жүргүзүлөрүн кошумчалады.
Мындан тышкары вице-премьер-министр облустун билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарындагы кадрлардын жетишсиздигине токтолду. Ал маселелерди чечүүнүн жолдорун табуу менен ымыркайлардын өлүмүнүн жана оорулардын алдын алууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.