Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясы Улуттук банктын электрондук капчыкты мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун карап жатат.
Жыйында уюлдук операторлордун, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышууда. Талкуу учурунда уюлдук операторлор электрондук капчыкты пайдаланууда Улуттук банк менен түздөн түз кызматташуу зарылдыгын айтты. Алардын айтымында, ортомчулар аркылуу электрондук капчыкты ишке ашыруу кардарлар үчүн ашыкча каражат талап кылынат.
Депутат Айтмамат Назаров уюлдук операторлорго Улуттук банктын лицензиясын берүүнү сунуштады.
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов лицензия берүү менен маселени жолго салууга мүмкүн экенин айтты. Анын маалыматына ылайык, банктын лицензиясы 300 сом турат. Ал эми уставдык капиталы 600 миллион сом болушу шарт.