Өлкөгө кирип жаткан дары каражаттарынын ар бир түрүн каттоодон өткөрүү керек. Мындай пикирин бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова дары-дармектерге байланыштуу мыйзамдарды жакшыртуу боюнча маселелерди кароого арналган тегерек столдо билдирди.
Депутаттын айтымында, азыркы тапта Кыргыз өлкөсүндө ВИЧ, кургак учук, гепатит дартынан жабыркагандардын саны күн санап өсүүдө. Буга байланыштуу өлкөгө кирип жаткан дары-дармектердин саны өстү.
Бирок анын арасында катталбаган дарылар да бар. Эл өкүлү алардын ар бирин каттоого алып, текшерүүнү күчөтүү зарылдыгын айтты.
"Жыл сайын өлкөдө 600дөн ашуун адам ВИЧти жуктуруп алат. Ошондой эле онкологиялык оорулардан жабыр тарткан адамдардын жана гемодиализге муктаж бейтаптардын саны өсүүдө. Ар кандай илдеттерден жабыр тарткан адамдарга натыйжалуу дарылануу мүмкүнчүлүгүн түзүп берүү үчүн жаңы клиникалык протокол жана маанилүү дары-дармектердин тизмеси бекитилген", - деп билдирди Исмаилова.
Ошондой эле тегерек столдун жүрүшүндө ар кандай илдеттерден жабыр тарткан бейтаптардын өмүрүнө маанилүү болгон дары-дармектер жетиштүү санда жана жеткиликтүү баада келбей жаткандыгы талкууланып Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин башчысынын орун басары Улан Токторбаев маселени чечүү үчүн түрдүү иш-чаралар жасалып жаткандыгын билдирди.