Парламентте өлкөдө тоо-кен тармагында адистер жетишсиз болуп жатканы айтылды

Бүгүн, 2-февралда КСДП фракциясынын жыйынында ички жана тышкы миграция маселеси тууралуу талкууланып жатат.

Депутат Аида Касымалиева Кыргыз мамлекетинде кайсы тармактын адистери жетишсиз болуп жатканын сурады.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунованын айтымында, тоо-кен тармагында адистер жетишсиз. “Ошондой эле айыл чарба, билим берүү тармагында адистер жетишсиз болууда. Бул адистик боюнча кесиптик лицейлерде, жогорку окуу жайларда кадрлар даярдалат. Бирок айлык аз болгондуктан, алар чет мамлекетке иштегени кетишет”, - деди министр.

Ошону менен катар эле Касымалиева Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен жумуш менен камсыз кылуу милдетти алып салуу керектигин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан