Бүгүн, 2-февралда КСДП фракциясынын жыйынында ички жана тышкы миграция маселеси тууралуу талкууланып жатат.
Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев чет өлкөдө каза болгон мигранттын сөөгүн Кыргыз жерине алып келүү үчүн көйгөйлөр жаралып жатканын айтты.
“Азыркы мыйзамга ылайык, сөөктүү жеткирүүгө 20-30 миӊ сом берилет. Ал үчүн 16 документ талап кылынат. Мындан улам каражат алуу жагынан көп кыйынчылыктар жаралууда. Биз азыр бул маселени иликтеп чыгып, 2 документке кыскартып, 50 миӊ сом өлчөмүндө каражат кароо демилгесин көтөргөнбүз. Бардык министрликтер менен мекемелердин макулдугу алынды, эми өкмөт чечим кабыл алат деп турабыз”, - деди Айдаралиев.