Бүгүн, 2-февралда КСДП фракциясынын жыйынында ички жана тышкы миграция маселеси тууралуу талкууланып жатат.
Анда Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Айбек Омокеев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, вице-спикер Асел Кодуранованы "депутат айым" деп атады.
Бул учурда депутат Төрөбай Зулпукаров Омокеевдин Кодуранованы "депутат айым" деп атаганына нааразы болду. "Биз парламенттик, президенттик башкаруу системиндеги өлкөдө жашап жатабыз. Анан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асел Кодуранованын аты-жөнүн билбесеңиз эмне кылып жүрөсүз? Мейли башка депутаттардын аттарын билбесеңиз түшүнүктүү. Бирок вице-спикердин аты-жөнүн билишиңиз керек", - деди Зулпукаров.
Айбек Омокеев мындан кийин билип жүрө турганын айтып, кечирим сурады.
Мындан тышкары Зулпукаров Омокеевге мамлекеттик тилди тез арада үйрөнүшү керектигин айтты.
Статс-катчы кыргыз тилин үйрөнүп, аракет кылып жатканын билдирди. "Биз СССР убагында орус тилинде окуганбыз", - деп жооп кайтарды.