Бүгүн, 2-февралда Мобилдик батальондун 30 кызматкери кичи лейтенант наамын алышты. Иш-чара Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын имаратында өтүп, ага Бишкек ШИИББинин башчысы, ИИМдин ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү катышты.
Маалыматка караганда, Мобилдик батальон Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан бери алгачкы батальондордон болуп түзүлдү.
"Бул кадам ИИМдин рефармалоого болгон алгачкы кадамдарынын бири. Патрулдук милициянын кызматы коомчулукту канааттандырбагандыктан ордуна мобилдик батальон түзүлдү. 1-январдан баштап алар 3 нөөмөт менен 24 саат бою иштеп жатышат. Кандай гана чакыруу болбосун, 3 мүнөттөн 12 мүнөткө чейинки аралыкта барышат. Батальондун кызматкерлери жарандар кандай гана жардамга муктаж болбосун, жардам берүүсү зарыл", - деди Бишкек ШИИББинин башчысы Сталбек Рахманов.