Бүгүн, 2-февралда КСДП фракциясынын жыйынында ички жана тышкы миграция маселеси тууралуу талкууланып жатат.
Депутат Максат Эгембердиев “Дордой” базарынын ишкерлери Кытайга кире албай жатышканын айтты. Депутат бул маселе боюнча Тышкы иштер министрлиги кандай иштерди аткарып жатканын сурады.
Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Айбек Омокеев бул боюнча иш жүрүп жатканын билдирип, учурда бул маселе чечиле электигин айтты.
Жыйында миграция маселеси жана Кыргыз Республикасында менчикти камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө маселе каралды.