Кубаны 47 жыл жетектеген Фидель Кастронун уулу өз өмүрүнө кол салып каза болду

Кубалык революционер, саясий ишмер, Кубаны 47 жыл жетектеген Фидель Кастро Рустун тун уулу Анхель Кастро Диас-Баларт 1-февраль күнү өз жанын кыйды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, окумуштуу Кастро Диас-Баларт бир нече айдан бери депрессияда жүрүп, медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө болгон.

69 жаштагы окумуштуу өлүм алдында акыркы катын жазганга жетишкен. Ал катта эмне деп жазылганы азырынча белгисиз", - деп айтылат маалымат булактарында.

Айта кетсек, 69 жаштагы окумуштуу Кубанын илимий маселелери боюнча Мамлекеттик уюмунун кеңешчиси жана Илимдер академиясынын вице-президенти кызматын ээлеп турган. Муну менен катар инновация тармагында иштеп келген. Анын атасы, Куба революциясынын баштоочусу жана лидери Фидель Кастро Рус 2016-жылы 25-ноябрда 90 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан