Кадамжайда митинг өткөн эмес, алтын казган компания эл менен жолугуп түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Баткен облусунун Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков билдирди.
"Ал жерде митинг болгон жок, "Шамбы-Сай" алтын кенин казганы жаткан компаниянын өкүлдөрү алтын казууда жергиликтүү тургундардын ден соолугуна жана табиятка зыян келбей турганы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Алар элди өздөрү уюштуруп чакырышкан. Бул компания 2012-жылы алтын казууга уруксат кагазын алган, бирок дале казып баштай элек", - деди аким.
Айта кетсек, буга чейин окурман Кадамжай районунда алтын казган ишканага каршы митинг өтүп жатканы тууралуу билдирген эле.