Москвада 5-кабаттан кулап кетип ооруканада жаткан Жаркынайга Сабырбек Жумабеков операция жасады

Орусияда көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан кулап кетип Москва шаарындагы ооруканада жаткан Жаркынай Юсупова 20-январда Бишкекке алынып келип №4-ооруканага жаткырылган. Бүгүн, 2-февралда ага профессор Сабырбек Жумабеков операция жасады. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Юсупова өзү кабарлады.

"Сабырбек Жумабеков өзү бутумдагы темирлерди чечип, оң далыма операция жасады. Операция эртең мененки саат 9да башталып, түштө ийгиликтүү жыйынтыкталды", - деди ал.

Белгилей кетсек, Жаркынай ушул жылдын 1-январында саат 7 чамасында Москвада жашап жаткан үйүндө терезеге парда тагып жатып 5-кабаттан түшүп кеткен. Кулап түшкөндөн кийин эс учу жок абалда шаардагы ооруканалардын бирине жаткырылган. Эки күндөн кийин ал эсине келип, жаракат алган жерлерине алгачкы операция жасалган. Өзүнүн айтымында, эки буту сынып, омурткасы жана оң колу жабыркаган. Мындан улам белинен ылдый тарабы эч нерсе сезбей жатат.

Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу шаарынын 29 жаштагы тургуну Жаркынай 10 жылга жакын убакыттан бери Орусияда иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
barakcha
2018-02-02 22:40:32
Сакайып кет.Аллах озу жардам берсин!
+12
Stervashka
2018-02-02 22:57:59
Байкуш кыз десе, кырсык каш кабактын ортосунда деген чын да. Аллах шыпаасын берип айыгып бутуна туруп кет!
+11
aydinnur
2018-02-02 23:05:14
Профессордун колу жеңил болуп, айыгып кет карындашым!
+11
toolos1982
2018-02-02 23:35:06
Аллахым өзү жардам берген болсун,айыгып кет эми бутуңа туруп.
+6
rysik79
2018-02-02 23:41:33
Сабыкемдин колу женил буйруса.
+7
Ayida
2018-02-03 00:44:36
Ушул врачка АЛлах ден соолук берсин! Аябай жакшы кором ушул адамды
+9
rysik79
2018-02-03 01:14:19
Баарыбызга Кудайым берген дарыгер. Сабыкемди которушубуз керек . Акрамоов Бебезов Медведев Ахмедов Махмудов толгон токойдун арасында Жумабеков деген барын унутпайлы.илимине береке ишине ийгилик берсин Жараткан Кудай Аллахым.
+8
Makain
2018-02-03 13:07:42
Терезеден озу секирип кеткенго
-2
Birimdik5555
2018-02-03 21:07:46
Кудай шыпаа берсин,басып кет ылайым!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан