Өлкөдөгү тоолуу унаа жолдордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт

2018-жылдын 3-февралынан 5-февралына чейин жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо жана жолдордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

"Бишкек-Ош автоунаа жолунун 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 45-90, 145-150-чакырымдарында, Тамчы участкасынын 74-78-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Тоолуу унаа жолдор аркылуу сапарга чыгып жаткан айдоочуларга шашылыш билдирүүгө жана аба ырайы тууралуу маалыматка өзгөчө көңүл бурууга, унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырабыз", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан