ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын башчысы Нурмат Болпонов кызматтан бошотулуп, анын ордуна Нурбек Адиев дайындалды. Бул тууралуу маалымат бүгүн, 3-февралда аталган министрликтин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.
Ошондой эле министрдин буйругу менен Тилек Өмүралиев Панфилов РИИБинин, Жалил Садыков Токмок ШИИБинин башчысы кызматына киришти.
Буга чейин Панфилов РИИБин Тагай Нусупов, Токмок ШИИБин Максат Чойбеков жетектеп келген.