Бүгүн, 3-февралда өлкөнүн түштүгүндө экинчи ирет жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, саат 15:03тө Ош облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылынан 14 чакырым, Кара-Кабак айылынан 14 чакырым, Ош шаарынан 111 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.
Жер титирөө Чоң-Алай районунун Кара-Кабак, Кашка-Суу айылдарында 2,5 балл, Алай районунун Талды-Суу, Сары-Могол айылдарында 2 баллга сезилген. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.