Бүгүн, 3-февралда Бишкек шаарынын четинде орун алган тоо-лыжа базаларынын биринде "Кыргыз өлкөсү - кышкы эс алуунун жана тоо-лыжасынын мекени" аталыштагы фестиваль өттү.
Туризм департаментинин башчысы Азамат Жаманкуловдун билдиришинче, быйылкы кышкы туристтик сезондо 2017-жылга салыштырмалуу көп турист келери күтүлүүдө.
"Аталган фестиваль быйыл 9-жолу уюштурулуп жатат. Иш-чаранын негизги максаты кыш мезгилиндеги туризмди өнүктүрүү болуп эсептелет. Кышкы туризмди өнүктүрүү үчүн тиешелүү шарттарды түзүү үчүн ар кандай иш-аракеттер жасалып жатат. Эң негизгиси чет элдик туристтерге эл аралык стандарттагы шарттарды түзүп берүү зарыл", - деп билдирди Жаманкулов.
Фестивалдын жүрүшүндө кызыктуу оюндар уюштурулуп, жеңүүчүлөр ар кандай белектер менен сыйланды.
Уюштуруучулардын айтымында, фестивалдан түшкөн каражат ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жумшалат.